​Гүлгаакы Мамасалиева үчүн тажиктер 1 миң доллар сурашкан

  • 3 года мурун

Тажикстандын куралдуу агрессиясынан жабыр тарткан Баткендеги турак-жайлардын жана социалдык обьектилердин калыбына келтирүү иштерин мониторинг кылып жүргөн укук коргоочу, “Интербилим” бейөкмөт уюмунун өкүлү Гүлгаакы Мамасалиеваны кечээ, 15 – июнда Тажикстандын аскерлери кармап кетишкен.


Г. Мамасалиеванын айтымында, ал кечээ, кечки саат жетилерде Кулунду айыл аймагынын Эски-Оочу айылынын жанындагы тактала эле чек ара аймагынан тажиктердин блок-постуна туш болуп калган.

“Мен жалгыз болчумун. 1,5 сааттай кармап, унаамдын ичин, баштыктарымдын баарын аңтарып чыгышты. Кийин карасам, 10 миң сомумду алып коюшуптур. Бүгүн акчамдын жоголгону жана мени кармагандары боюнча милицияга арыз жаздым”, — дейт Гүгаакы Мамасалиева.

Тажикстандын аскерлери Гүлгаакы Мамасалиеванын туугандарынан аны бошотуу үчүн 1 миң доллар сурашканы да белгилүү болду.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты