​Россияга дос өлкөлөрдүн катарына Кыргызстан да кирди

  • 3 года мурун

Россиядагы “Левада” борборунун социологдору сурамжылоо аркылуу Россияга эң жакын дос өлкөлөрдүн тизмесин түзүштү.


Сурамжылоого катышкан россиялыктардын дээрлик жарымы Россиянын дос өлкөсү катары Белоруссияны аташкан.

Андан кийин Кытай, Казакстан, Армения, Индия, Азербайжан, Кыргызстан, Сирия, Германия жана Кубаны дос өлкө катары эсептээрин билдиришкен.

Ал эми “дос эмес” өлкөлөрдүн катарына АКШ, Украина, Улуу Британия, Балтика өлкөлөрүн, Польша, Грузия жана Чехияны кошушкан.

Социологдор акыркы бир нече айда россиялыктардын АКШга болгон мамилеси кескин начарлап кеткенин белгилешет. Россиялыктар ошондой эле Европа биримдигине кирген өлкөлөргө карата да терс мамилесин жашырышкан эмес.

Укук коргоочу Юрий Леваданын “Левада” бейөкмөт аналитикалык борбору саясат жаатында социологиялык жана маркетингдик изилдөөлөрдү үзгүлтүксүз жүргүзүп келет. 2016 – жылы “Левада” борбору орус бийлиги тарабынан “чет элдик агент” деп табылган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты