​Бишкектин эки районуна жаңы акимдер дайындалды

  • 3 года мурун

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун буйругуна ылайык, Свердлов жана Ленин райондорунун акимдери алмашты.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматынын маалыматында, муниципалдык кызматкерлердин потенциалын натыйжалуу пайдалануу максатында Свердлов районунун башчысы Осмонов Мурат Ленин районунун башчысы кызматына которулган.

Мурунку аким Өскөмбаев Мелис жеке арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Ал эми Карамшаков Бахтияр Свердлов районунун башчысы болуп дайындалды. Буга чейин ал Чүй облусунун Жайыл районунун мамлекеттик администрация башчысынын — акимдин биринчи орун басары кызматын аркалап келген.

Фото Бишкек мэриясынан алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты