​Кийинки айда малды экспорттоого уруксат берилет

  • 3 года мурун

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Илич Марсбек 2021-жылдын 8-июлунан тартып, сыртка мал сатууга уруксат берилээрин билдирди.


Ошондой эле ал, май, кумшекер жана тирүү малды импорттоодогу 12 пайыздык кошумча нарк салыгын алып салуу боюнча долбоор министрлер кабинетине сунушталганын билдирди.

Мурдагы Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев 2020-жылдын декабрь айынын башында малды экспорттоого тыюу салган буйругун чыгарган. Өткөн жылдын 11 айында Кыргызстан Өзбекстанга эле 10,4 миң баш бодо мал жана 36 миң баш майда мал жандык экспорттогон. 2019-жылы бодо мал үчүн бул көрсөткүч 574ү, майда малдыкы 4,4 миңди түзгөн.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты