​Генрих Балян алдамчылыкка шектелүүдө

  • 3 года мурун

“KARVEN” компаниялар тобунун башчысы, жеке ишкер Генрих Баляндын камакка алынышы боюнча УКМК түшүндүрмө берди.


Генрих Балянга карата “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринен алдамчылык менен 2 миллион 300 миң доллар насыя алган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө анын аталган кылмышка тийиштиги бардыгы боюнча айныксыз далилдер табылганын билдирген УКМК бул иш боюнча аталган банктын башкармалыгынын төрагасынын орун басары А.К. аттуу жаран дагы камакка алынган.

«KARVEN» компанияларынын негиздөөчүсү, Венгриянын Кыргыз Республикасындагы ардактуу генералдык консулу Генрих Балян кечээ, 15 — июнда кармалган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты