​Улуттук энергохолдингдин башчылары алмашты

  • 3 года мурун

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев 15-июнь күнү Улуттук энергохолдингдин жамаатына жаңы жетекчиликти тааныштырды.


Холдингдин башкармалыгынын төрагалыгына Асхат Бердиев, төрагасынын биринчи орун басарлык кызматтарына Жолдошбек Ачикеев жана Замир Ходжомамбетовдор дайындалды.

Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Бакыт Сыдыков 2021-жылдын 9-февралында Мамлекеттик мүлк фондусунун чечими тарабынан дайындалган.

6 – июнь күнү Бакыт Сыдыков “Эгерде кырдаалды турукташтыруу боюнча чечкиндүү чараларды көрбөсөк, анда Кыргызстандын энергетикалык тутуму кыйрап, Токтогул ГЭСи токтоп калышы мүмкүн»,- деген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты