​Сак болгула! Коронавирустун үчүнчү толкуну башталды!

  • 3 года мурун

Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда COVID-19 илдетинин үчүнчү толкуну башталганын жарыялады. Оорунун өсүшү апрель айынын ортосунан тартып күч алган.


Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев 15-июндагы маалымат жыйынында «Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирустук инфекциянын үчүнчү толкуну башталганы байкалууда», — деп билдирген.

«Коронавирустун биринчи учуру 2020-жылы 18-мартта катталган. Жыл ичинде оору күчөп кеткен эки толкун болду. Биринчи толкун июль айында болуп, күнүнө 1600 жаңы учур катталган. Экинчи толкун октябрдан ноябрга чейин байкалып, оорунун туу чокусунда ооругандардын саны 606га жетип жатты», — дейт министрдин орун басары.


Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты