Айылдык депутат айымдар Роза Отунбаева, Айгүл Жапарова менен баарлашты
- 3 года мурун
Бүгүн, 15 – июнда жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо жеңип келген депутат айымдарды сыйлоо салтанаты уюштурулду.
«Мен лидер аялмын» аталышындагы бул иш – чарага 40тан ашык жергеиликтүү кеңештердин депутат айымдары чакырылып, экс-Президент Роза Отунбаева, биринчи айым Айгүл Жапарова, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашева, БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана эл аралык уюмдардын төрайымдары менен ээн – эркин форматта баарлашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Ошондой эле бул иш-чарага Жогорку Кеңештин депутат айымдары, БУУнун Өнүктүрүү программасынын, ОБСЕ, бейөкмөт уюмдардын жана Швейцария элчилигинин өкүлдөрү катышты.
Фото «Кабар» агенттигинен алынды
Муну бөлүшүү