АКШнын атайын өкүлү Казакстанда аскердик база ачуу ыктымалдуулугу тууралуу айтты

  • 3 года мурун

АКШнын Ооганстандагы тынчтык жана келишим боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад 13-июнда НурСултанда өткөн брифингде Казакстанга келген себебин айтты.


АКШнын Казакстандагы элчилигинин маалыматына караганда, атайын өкүл Казакстандын жогорку кызматтагы аткаминерлери менен “Ооганстандагы кырдаалды тынч жол менен чечүү, АКШнын аскерлерин аймактан чыгаруу, соода жана кызматташууну өнүктүрүүнүн келечектерин” талкуулайт.

АКШ дипломатынын айтымында, АКШ Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн, аймактык бүтүндүгүн, көз карандысыздыгын жана суверенитетин бекемдөөгө умтулат. Муну менен бирге Ооганстанда тынчтык орнотуу маселесинде ишенимдүү өнөктөш болгусу келет.

15-апрелде америкалык New York Times басылмасы АКШнын расмий адамдары Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан бийлиги менен байланышка чыгып, аймакта база ачуу маселесин талкуулаганын жазган. Орто Азияда база ачуу маселеси тууралуу сураган “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысына элчи: “АКШ Ооганстандан аскерлерин алып кеткенден кийин ал жактагы тынчтыкты камсыздалышына салым кошуу үчүн аймактагы жана андан тышкаркы өлкөлөр менен бул багытта биригип иш алып баруу стратегиясын иштеп жатат” деп жооп кайтарды.

— Азыр талкуу журүп жатат. Талкуу позитивдүү жана үмүт пайда кылган өңүттө болду деп айта алам, — деди Залмай Халилзад.

Бул туралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Элчи Залмай Халилзад АКШнын Ооганстандагы тынчтык жана келишим боюнча өкүлү болуп 2018-жылы 21-сентябрда дайындалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты