​Түркия Кыргызстанга аскердик — техникалык жардам көрсөтөт

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон биринчи расмий иш сапарынын жыйынтыктары боюнча Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев маалымат таратты.


ТИМ башчысы андагы жетишилген эки тараптуу келишимдерге токтолуп, Түркия Кыргызстанга кайтарымсыз негизде аскердик-техникалык жардам көрсөтөөрүн билдирген.

“Президенттер Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдогандын жолугушуусу — эң жогорку деңгээлдеги биринчи саясий байланыш болду. Эки өлкөнүн лидерлери бири-бирин колдоого алып, өз алдынча бетме-бет жана кеңейтилген форматтагы жолугушууларды өткөрүштү”, — дейт Руслан Казакбаев.

Мындан тышкары расмий иш сапардын жыйынтыгы менен саламаттык сактоо, айыл чарба, маданият, спорт, жаштар саясаты жана автордук укуктарды коргоо жаатында эл аралык деңгээлдеги сегиз документке кол коюлган.

Фото Султан Досалиевдики

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты