​Социалдык төлөмдөрдү көбөйтүү демилгеленди

  • 3 года мурун

2021-жылдын 27-майында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.


Аталган мыйзам долбооруна ылайык, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмү көбөйтүлүүдө. Иш берүүчүлөр үчүн 15,25 пайыз жана кызматкерлер үчүн 13 пайыз өлчөмүндө белгилөө сунушталган. Учурдагы социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү 27,25 пайыз болсо, бул мыйзам долбоору кабыл алынса, 28,25 пайызды түзүп калмакчы.

Президент 5 — майдагы калкка жасаган кайрылуусунда 2021-жылдын 1-октябрына чейин Жогорку Кеңешке социалдык төлөмдөрдүн тарифин азайтуу боюнча сунуш берээрин билдирген.

Бул боюнча Кыргызстандын Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит билдирүү таратып, бул демилге экономикалык кыйынчылыктар мезгилинде ишкердик субъектилерине, ишкер чөйрөсүнө жана өлкөнүн инвестициялык климатына терс таасирин тийгизээрин белгилеген.

Мындан тышкары, Бизнес-акыкатчы бул мыйзам долбоору олуттуу коррупциялык тобокелдиктерди жаратаарын,көмүскө экономиканын күчөшүн тездетип, мамлекетке түшүүчү милдеттүү төлөмдөрдүн көлөмүн азайтаарын кошумчалаган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты