​Мыйзамсыз иштеген майнинг-ферма табылды

  • 3 года мурун

УКМК кызматкерлери Ош облусунда криптовалюта өндүргөн мыйзамсыз майнинг-ферманын ишин токтотушту.


УКМКнын басма сөз кызматы билдиргенине караганда, мындай чарбалардын иши республиканын электр тармактарына чоң зыян келтирүүдө.

Кара-Суу районунун Кожокелен айылындагы бул мыйзамсыз майнинг-ферманын 650гө жакын майнинг жабдуулары камакка алынды.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин негизинде кылмыш иши козголуп, мыйзамсыз бул иштерге катыштыгы бар адамдарды аныктоо иштерин уланууда.

Фото УКМКдан алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты