​20 жылда жол инфраструктурасын оңдоо үчүн 2,5 млрд доллар карыз алынган

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаттары Н.Алимбеков, У.Ормонов, А.Карашев, А.Жапаров жана С.Анарбаев тарабынан демилгеленген “Жол фонду жөнүндө” мыйзам долбоору парламенттин тармактык комитетинде талкууга алынды.


Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин отурумунда депутат Айнура Осмонова Кыргызстандын жол тармагы үчүн алынган насыялардын көлөмү, төлөө мөөнөтүнө кызыкты.

Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары Нурланбек Кайынбаевдин айтымында, өлкөбүздүн жол тармагы үчүн 20 жыл ичинде 2,5 миллиард долларлык насыялар алынган.

«Жол чарбасын өнүктүрүү үчүн алынган насыяларды төлөөнүн эң оор учуру 2022-2023-жылдарга туура келет» — дейт министрдин орун басары.

Кыргызстандын тышкы карызынын көбү дал ушул жол инфраструктурасы жана энергетика үчүн алынган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты