​500 доллар пара сураган милициянын полковниги колго түштү

  • 3 года мурун

УКМКнын басма сөз борбору билдиргенине караганда, ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды.


Милициянын полковниги В.Э.К аттуу тергөөчү иши тергелип жаткан адамга карата кылмыш ишин козгоону токтотуу үчүн пара талап кылган.

9-июнда 500 доллар алып жаткан жеринен колго түшкөн. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси «Пара талап кылуу» боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

УКМКнын басма сөз кызматынын сүрөтү

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты