Президент баштап берген, чиновниктер ошол бойдон таштап кеткен курулуштун видеосу

  • 3 года мурун

Ушул жылдын май айынын башында Президент Садыр Жапаров Баткен облусунда жаңы чек ара тозотунун пайдубалына капсула таштап, курулуш иштерин баштап берген.

Арадан бир ай убакыт өткөндөн кийин аталган курулуш иштери ошол бойдон калганын баткендик тургун видеого тартып, жалпыга жар салды.

Бул видео тасмадан кийин Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кеңешмесин өткөрүп:
«Талкаланган турак-жайларды, чек ара тозотторун, социалдык жана башка объектилерди ыкчам калыбына келтирүү боюнча республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары курулуш иштеринин жүрүшүн көзөмөлгө алсын. Кабинетте отура бербестен, жер-жерлерге чыгып, оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүн көзөмөлгө алыңыздар», — деген.

Улукбек Марипов ар бир жетекчи берилген тапшырмалардын өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик аларын да кошумчалаган.

Фото Султан Досалиевдики

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты