Нарын шаарынын мэри болуп Самарбек Болотбеков шайланды
- 5 лет мурун
Бишкек шаарынын Свердлов районунун мурдагы акими Самарбек Болотбеков Нарын шаарынын мэрлигине шайланды.
Нарын шаардык кеңешинин депутаттарынын “Ынтымак” көпчүлүк коалициясы шаар башчылыгына Самарбек Болотбековдун, азчылык коалициясы «Таза-Нарын» муниципалдык ишканасынын директору Суранов Алмаздын талапкерлигин сунуштаган.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, Самарбек Болотбеков 19, Суранов 12 добуш алган.

Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү




