​Кыргызстан ЕАЭС менен Кытай рыногуна чыгууну каалаган түркиялык ишкерлер үчүн «терезе» болуп берүүгө даяр

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров Түркияга болгон расмий иш сапарынын алкагында түрк ишкерлери менен жолугушуу өткөрдү.

Түркиялык «Tekfen holding», «Coca Cola suculuk a.ş.», «Bilkent holding», «Eczacibaşı», «Simetri grup», «Özdersan Deri Makinaları», «Yılmaz teknoloji», «Pasifik Eurasia lojistik dış ticaret» сыяктуу ири компанияларынын өкүлдөрү катышкан бул жолугушууда Садыр Жапаров Кыргызстандын инвестициялык потенциалы чоң экенин, ЕврАзЭС өлкөлөрүнө, Кытай рынокторуна эркин чыгуу үчүн «терезе» болуп берүүгө даярдыгыбызды билдирди.

«Бизде өнөр жай, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү жаатында, айыл чарба, туризм секторлору, тоо-кен, жеңил өнөр жай, гидроэнергетика, электрондук коммерция, инновациялык технология сыяктуу эки өлкөнүн кызыкчылыгын камтыган бир катар тармактарда түрк бизнесине сунуштай турган долбоорлорубуз бар. Түрк ишкерлерин Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды ачууга, кыргыз-түрк кызматташтыгынын болгон потенциалын толук колдонууга чакырамын.

Мамлекет башчысы мындан ары Кыргызстандын министрлери өздөрү инвесторлордун артынан түшөрүнө басым жасап, инвесторлор — кайсы гана өлкө болбосун, ал өлкөнүн экономикасы үчүн кыймылдаткыч болуп саналаарын жана муну баары түшүнүп, бул принципти сакташы керектигин айтты.

Фото Султан Досалиевдики

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты