​Айсулуу Тыныбекова кезектеги алтын медалын утту

  • 3 года мурун

Польшада өткөн Poland Open-2021 эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште Айсулуу Тыныбекова кезектеги алтын медалын утту.


Россиялык эки балбан Любовь Овчарова менен Светлана Липатованы жеңип, финалга чыккан. Чечүүчү акыркы финалдык кармашта Айсулуу Тыныбекова Канаданын белдүү спортчуларынын бири Анна Паула Годинез Гонзалез менен бет келип, 7:1 эсебинде ишенимдүү түрдө утуп, жеңишке жетишти.

Учурда Айчсулуу Тыныбекова 62 килограммдык өз салмагында дүйнөдөгү эң күчтүү балбандардын сап башында турат.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты