​Эмгек мигранттарынын ордуна абак адамдарынын ишке тартылуусун россиялыктардын 71 пайызы колдойт

  • 3 года мурун

Жакында эле Бүткүл россиялык коомдук пикирди иликтөө борбору “Эмгек мигранттарынын ордуна абак адамдарынын күчүн пайдалануу керекпи?” – деген сурамжылоо жүргүзгөндө, ага катышкан россиялыктардын 71 пайызы “ооба” деген жоопту айтышкан.


20-май күнү Жазаларды аткаруу федералдык кызматы дал ушундай демилгени көтөргөн.

“Оор эмес кылмыш кылып, камакка кесилген адамдардын эмгегин пайдалансак болот. Аларга татыктуу шарттарды түзүп берип, керек болсо үй бүлөсү менен жашагандай жатаканаларды уюштуруп, татыктуу маяна төлөп берсек болот”, — деген Жазаларды аткаруу кызматынын башчысы Александр Калашниковдун оюн Россиянын бир катар белдүү чиновниктери: Юстиция министри Констатнтин Чучейко, Адам укуктары боюнча кеңештин башчысы Валерий Фадеев, акыйкатчы Татьяна Москалькова, вицер-премьер Марат Хаснуллин колдоого алган.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу былтыр март айында чек араларын жапкандан бери Россияда жумушчу күчүнүн жетишсиздиги байкала баштаган. Москва шаарынын мэри Сергей Собяниндин айтымында, коронавирустун айынан Россиянын борбор калаасында эмгек мигранттарынын саны 40 пайызга азайган.

“Москавада мигранттардын жетишсиздиги ачык байкалып жатат. Өз кезегинде бул көрүнүш эмгек рыногуна таасирин тийгизүүдө. Күрөк, лом, шыпыргы менен аткарылчу оор жумуштарга бардык эле москвалыктар иштей бербейт экен”, — деген Москванын мэри.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты