​Анкарада аскердик-техникалык жардамга муктаж экенибиз айтылды

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров 9-июнда Анкара шаарында өткөн Кыргызстан менен Түркиянын Стратегиялык кызматташуусунун жогорку кеңешинин 5-жыйынына катышып жатып, эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарына токтолуп, аскердик чөйрө менен коопсуздук боюнча өнөктөштүктү улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.


Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан — Түркия достугу күн санап жаңы баскычка көтөрүлүп баратканын баса белгилеп, бул багытта кибер кылмыштуулукка, котрабандага, баңги заттарды, курал-жарак жана адам сатууга, мыйзамсыз миграцияга жана терроризмге, ошондой эле эл аралык коомчулукка жана коопсуздукка жаңы коркунучтарды туудурган улуттар аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы турууга чечкиндүүлүгүн билдирген.

Мындан сырткары, Президент Садыр Жапаров Борбор Азиядагы региондук коопсуздукту чыңдоонун жана бул себептен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн материалдык-техникалык базасын модернизациялоо жана ошондой эле коргонуу дараметин бекемдөө боюнча биргелешкен иштерди күчөтүү үчүн ырааттуу аскердик-техникалык жардам көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Фото Султан Досалиевдики

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты