​Газ менен жүрүүчү япониялык ISUZU автобустарынын алгачкы партиясы Бишкекке келе баштады (видео)

  • 3 года мурун

4 – июнь күнү Бишкек мэриясы “Эко Пассажирские перевозки” ЖЧКсы менен газ менен жүрүүчү эко — автобустарды алып келүү боюнча келишимге кол коюшкан.


Келишимдин шарттары боюнча, алар бир жыл ичинде Бишкекке 350 эко-автобус алып келүү милдетин алышкан. Алгачкы партиясы 2021-жылдын 1 –июлунда каттамга чыгып, шаардыктарды ташып калгыдай болушу керек.

Шаардык мэриянын Транспорт боюнча вице-мэри Русланбек Акылбековдун айтымында, муниципалитет бул автобустарды сатып алган жок, болгону каттам берип, бардык тийиштүү шарттады түзүп берет.

Ошондой эле аталган компаниянын 2022-2023-жылдар аралыгында газ менен жүрүүчү автобустардын санын 1000ге жеткирүү планы бар.

Социалдык түйүндөрдө тараган видео тасмада 9-июндун таңында аталган автобустар Казакстан менен Кыргызстандын чек ара бекетинен өтүүнүн алдында турганы көрсөтүлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты