​НДПК шаардык кеңеш шайлоосуна катышпайт. Жогорку Кеңешке даярданат

  • 3 года мурун

11 – июлда өтүүчү Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоого НДПК партиясы катышпай тургандыгын жар салды.

Айрым кызыкдар күчтөрдүн чагымчыл аракеттери партияны шаардык кеңешке баруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратканын белгилеген НДПК партиясынын өкүлдөрү, бул чечим партиянын саясий кеңешинин узак талкуудан кийинки кылдаттык менен кабыл алынган чечими экенин билдиришкен.

“Бишкекти муниципалдык депутаттардын күчү менен өзгөртүү өтө кыйын. Борбор шаарды өнүктүрүү боюнча программа бүтүндөй өлкөнүн өнүгүү программалары менен дал келиши керек. Ошондуктан, НДПК бүтүндөй Кыргызстандагы саясатка таасир эте алышы үчүн, алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого көңүл бурууну чечти», — деп айтылат партия тараткан билдирүүдө.

11-апрелиндеги Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоодо 15 миңге жакын шаардыктардын добушун алып, 8 мандатка ээ болгон НДПК партиясы «шайлоо күнү үгүт иштерин жүргүздү, добуш сатып алууга аракет кылды» — деген жүйө менен шайлоодон четтетилген.

Партиянын негизги сүрөөнчүсү жана каржылоочусу, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов «Мыйзамсыз баюу» жана «Коррупция» беренелери менен шектелип, 26 — май күнү камакка алынган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты