Пара талап кылган тергөөчү колго түштү
- 3 года мурун
УКМК кызматкерлери укук коргоо органдары тарабынан жасалган коррупциялык аракеттерге бөгөт койду.
Ош областынын Кара-Суу райондук ИИБинин тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын улук лейтененты зордуктоого аракет кылуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү кыскартуу үчүн «А.М.А.» аттуу жарандан 20 миң сом өлчөмүндө пара талап кылган.
2021-жылдын 8-июнунда ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган тергөөчү 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.
Ал УКМК Ош шаардык жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө камак жайына киргизилди.
Муну бөлүшүү