​Мелис Турганбаев Орхан Инанды менен ал уурдалган күнү жолукканын тастыктады

  • 3 года мурун

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин башчысынын жоголушу боюнча жактоочу Таалайкүл Токтакунова Орхан Инанды акыркы жолу Мелис Турганбаев менен жолукканын, ал чет өлкөгө чыгып кеткенин айткан.

Бул боюнча ИИМдин мурдагы башысы Мелис Турганбаев чын эле 31 – май күнү Орхан Инанды менен жолукканын тастыктап:

«Ооба, аны менен «Адриано» кафесинде отургам. Мен Орхана Инандыны ал Свердлов районунда биринчи жолу «Сапат» мектебин ачкандан бери тааныйм. Бул 90-жылдардын аягы болчу. Экөөбүздүн достук мамилебиз бар. Ал күнү билим берүү системасын талкуулаганбыз. Мен бизнес ачайын деген оюм бар болчу. 30 минуттан чай ичип, анан тарап кеткенбиз. Грузия менен Украинага спорт иштери боюнча учуп кеткем. 7 – июнь күнү келгем”, — деди.

Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү жоголгон. Азыркыга чейин эч кандай маалымат жок.

«Сапат» билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүлөрү Орхан Инандынын катылган жери жөнүндө маалымат үчүн 1 миллион доллар төлөп берерин айтышкан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты