​УКМК дагы бир баңги соодагерин кылтакка илди

  • 3 года мурун

Кыргызстан аймагы дүйнөлүк баңги бизнесинин негизги транзиттик аймагы экени белгилүү.


Акыркы убактарды ири баңги ташуучулар, соодагерлер кармалууда.7- июнь күнү дагы Кадамжай шаарында баңгизат сатып жаткан жеринен Кадамжай шаардык кеңешинин депутаты кармалды. Баңгизаттар Тажикстандан Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга алынып кетмек.

Баңги сатуу учурунда кармалган шаардык кеңештин депутатынын үйүнө тинтүү жүргүзүлгөндө 9 кг чийки апийим, 4 кг гашиш, 37,5 кг марихуана, документи жок 1 ок атуучу курал, 232 миң доллар, 42 млн 299 миң 500 өзбек суму жана 106 миң сом акча табылган.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин 297-беренеси менен О.М.Б., О.К.М. жана О.К.А. аттуу жарандарга кылмыш иши козголуп, Баткен ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жакында эле Россиянын укук коргоо органдары менен Кыргыз Республикасынын УКМКсы биргеликте героин транзитин буу үчүн бир катар ийгиликтүү операциялар жасалганын Россиянын Федералдык бажы кызматынын басма сөз кызматы 21 — майда кабарлаган.


Ал опреациялардын натыйжасында, Афганистан, Иран, Пакистандан ЕАЭБ өлкөлөрү аркылуу Батыш Европага аткезчилик жол менен ар бир партиясы 200 киллограммдык героинди ташып бара жаткан эл аралык кылмыштуу топтун иши токтотулган. 810 кг героин колго түшүрүлүп, бул баңги каналдын уюштуруучу, аткаруучу, ортомчулары камакка алынган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты