​Акимдиктен баш тарткан Мамажакыпов айыл өкмөт башчылыгына шайланды

  • 3 года мурун

Чоң – Алай районунун мурдагы акими Өскөнбай Мамажакыпов Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчылыгына дайындалды.


Айыл өкмөт башчысын шайлоо 8-июнда өтүп, айылдык кеңештеги 21 депутаттын 12си Мамажакыповго добушун берген.

Ал акимдерди ротациялоо учурунда Чоң-Алай районунун акимдик кызматынан Нарын облусунун Ак-Талаа районунун башчылыгына дайындалган. Бирок, улгайган ата – энесин караш керек экенин айткан Өскөнбай Мамажакыпов Ак-Талаанын акимдигинен өз каалоосу менен баш тарткан.

Өскөнбай Мамажакыпов 2018 – жылы ноябрь айында кесиптештери менен аңчылыкка келе жатып өлтүрүлгөн Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун бир тууганы.


Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты