​УКМКнын Бишкек бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурлан Дюшекеев камакка алынды

  • 3 года мурун

Ишти тергеп жаткан Аскердик прокуратуранын маалыматына караганда, ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси менен иш козголгон.


«Нурлан Дүйшекеев эки кылмыш иши боюнча шектүү катары кармалган. “Elite House” жана экс-вице-мэр Азиз Алымкуловдун иши боюнча сот жообуна тартылып жатат. Ал 31-июлга чейин УКМКнын СИЗОсуна камалган», — дейт Башкы прокуратуранын маалымат кызматы.

Эске сала кетсек, мурдагы вице-мэр Азиз Алымкулов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу менен жана УКМК кызматкери менен коркутуп, «Бишкек башкы архитектура” ишканасынын кызмат адамдарын мыйзамсыз иштерге түртүп, Бишкек шаарындагы жер тилкелерин өз адамдарына каттаткан.

Ал март айында камакка алынып, күнөөсүн толугу менен мойнуна алган жана мамлекетке келтирген чыгымды төлөп берген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты