Дашков кошумча дагы 50 миң сурашканда анан арыз жазганын айтты

  • 3 года мурун

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деп айыпталган активист Мелис Аспековго байланыштуу сот иши уланууда.


Бүгүн, 8 – июнда, өткөн соттук процессте жабырлануучу “Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын экс-башчысы Василий Дашков көрсөтмө берди.

Василий Дашковдун айтымында, Улан Жураев президенттик шайлоодо Чүй облустук штабдын башчысы деп Мелис Аспеков менен тааныштырганын, штабка каржылык жардам керек экенин айтып, 200 миң доллар сураганын айтты.

“Башында мен 200 миң долларды 100 миң, 50 миң, 50 миң кылып төрткө бөлүп бердим. Кийин аз болуп калды деп дагы 50 миң сураганда, анан арыз жаздым. Мунун баары ошол 50 миңден башталып кетти”, — дейт Василий Дашков.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 9-январында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен Мелис Аспеков менен Улан Жураевди кармаган.

Кийин Улан Жураев тергөө менен кызматташууга барып, үй камагына чыгарылган. 25 – майда өткөн алгачкы соттук процессте ал күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 260 миң сом айып пул төлөп берген.


Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты