​Казакстан кыргыз-тажик чек ара чатагын курчутуу ниети жок экенин билдирди

  • 3 года мурун

Ушул жылдын 4 – июнь күнү Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курчуп турганда, Казакстан Тажикстанга аскердик жардам көрсөтөөрү тууралуу маалымат кыргыз коомчулугунда түшүнбөстүктү пайда кылган.


Бул окуя боюнча Казакстандын Коргоо министрлиги түшүндүрмө берди.

Министрликтин маалыматы боюнча, 2019 — жылдын декабрь айында Тажикстандын Коргоо министрлиги тажик-афган чек арасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу аскердик-техникалык жардам сурап кайрылган. Акысыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү боюнча өкмөттөр аралык келишим иштелип чыгып, 2021-жылдын 17 — апрелинде кол коюлган. Ушундай эле келишимге 2 — мартта Кыргызстан менен кол коюлган.

«Башкача айтканда, бул келишимдер Кыргызстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн ортосундагы чек ара чатагы курчуганга чейин түзүлгөн. Учурда кол коюлган келишимдерди ратификациялоо иштери жүрүп жатат. Бул өлкөлөргө аскердик-техникалык жардам көрсөтүү менен Казакстан Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара чыр-чатактарын курчутуу ниетин көздөбөйт. Бул келишимдер эл аралык коалицияга кирген өлкөлөрдүн Афганистандан аскердик контингентин чыгарып кетүүнү пландаштыргандыгына байланыштуу кол коюлган”, — дейт Казакстандын Коргоо министрлиги.

Мындан тышкары, казак тарап Кыргызстан менен Тажикстан учурдагы карама-каршылыктарын толук жөнгө салып, кырдаалды нормалдаштыруу боюнча макулдашууларга жетишмейинче, аскердик-техникалык жабдуулар убактылуу өз даректерине жеткирилбей тургандыгын билдирген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты