​Президент эртең Түркияга иш сапары менен барат

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 9-11-июнь күндөрү Түркия Республикасына расмий иш сапары менен бараарын Президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев билдирди.


Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТМКК) алкагында өз ара байланыштын актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин V жыйыны эки өлкөнүн президенттеринин катышуусунда өтөт.

Мындан тышкары расмий иш сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуп, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы бизнес-форумга да катышат.

Фото Султан Досалиевдики

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты