​Төкмө акын Азамат Болгонбаев жаңы кызматка дайындалды

  • 3 года мурун

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевдин буйругуна ылайык, белгилүү төкмө акын Азамат Болгонбаев Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрынын директору болуп дайындалды.


«Айтыш» коомдук фондунун жооптуу катчысы, директору, КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөсү, төрагасы болгон Азамат Болгонбаев Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун Салттык музыка жана фольклор факультетин аяктаган.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, бир катар эл аралык сынактардын жеңүүчүсү болгон.

Былтыркы парламенттик шайлоодон кийин «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партияларына каршы чыгып, аянтка чогулган элге ырдап, өзүнүн жарандык позициясын билдирген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты