​Чүй облустук сотунун төрагасын кызматтан алуу сунушу Президентке берилди

  • 3 года мурун

Бүгүн, 7- июнда Президент Садыр Жапаров Президентке караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынын өткөрүп, жыйындын аягында бутуна тура албай мас болгон облустук соттун төрагасынын видео тасмасын көрсөткөн.


Соттор кеңешинин чечими менен Чүй облустук сотунун төрагасы Дамир Оңолбековду кызматтан алуу чечими чыгарылып, анын судьялык ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча Президентке сунуш берилди.

Дамир Оңолбеков өз кезегинде бул окуя пандемия күчөп турган оор кырдаалда, 2020-жылдын 4 – июлунда болгонун айткан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты