​Азербайжандагы элчилик кызматка Кайрат Осмоналиев барат

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси кызмат ордуна Кайрат Осмоналиевдин талапкерлигин жактырды. Мындай чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынды.


Учурдагы БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев 2010-2016-жылдары Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академиянын проректору болуп иштеген.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда экономикалык, саясий жана башка багыттарды өркүндөтүү боюнча маселелер бар», — деген Кайрат Осмоналиев бир жылдын ичинде иштин жыйынтыгын көрсөтүп, Баку менен алаканы арттырууга сөз берди.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты