​Балыкчы шаарынын мэри болуп Аманат Сыдыков шайланды

  • 3 года мурун

Бүгүн, 7 — июнда Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттары шаардын мэрин шайлашты.


“Өнүгүү — Прогресс” фракциясы АманатСыдыковду, ал эми “Табылга” фракциясы Талантбек Мергенбаевдин талапкерлигин алып чыгышкан.

Шаардык кеңештеги 31 депутаттын 22иси добушун Аманат Сыдыковго берип, атаандашы Талантбек Мергенбаев 8 гана добуш алды.

Эске сала кетсек, 11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо Балыкчы шаардык кеңешине 5 партия өткөн:

1. «Табылга» — 10 мандат;

2. «Өнүгүү Прогресс» — 6 мандат;

3. «Эмгек» — 6 мандат;

4. «Мурас» — 5 мандат;

5. «Замандаш» — 4 мандат.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты