​Президент сотторго Чүй облустук сотунун төрагасынын мас абалындагы видео тасмасын көрсөттү

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7 – июнда Сот жана укук коргоо органдарынын ишин өркүндөтүү боюнча кеңештин мүчөлөрү менен жыйын өткөргөн.


Жыйындын акырында Президент чогулгандарга атайын видео тасманы көрсөтүп, андагы бутуна тура албай кыйналган мас абалындагы адамды “тааныдыңызбы” — деп Жогорку соттун төрайымы Нүргүл Бакировадан сурады.

“Туура тааныдыңыз”, — деген Президент “мыйзамдарды алтын тамагалар менен жазып койсок дагы, мындай соттор менен реформаны аягына чыгара албайбыз. Катарыңарды тазалагыла. Бүгүн эле Соттор кеңешинде жоопкерчилигин карагыла”, — деп кошумчалады.

Чүй облустук сотунда 2018 – жылдан бери Дамир Оңолбеков төрагалык кылып келет.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты