​Бишкекте айрым маршруттук таксилер ишке чыкты. Алар жол кирени 15 сом кылып алышты

  • 3 года мурун

Бишкекте маршруттук таксилердин айрымдары бир нече күнкү иш таштоодон кийин ишке чыкты. Бишкек мэриясы маршруттук таксиде жол кире 10 сом бойдон өзгөрбөй турат дегенине карабастан, айрым маршруттук такси айдоочулары жол акыны 15 сомго чейин өздөрү билип көтөрүп алышты.

“Айрым маршруттук такси айдоочулары өздөрү жол кирени 15 сомго чейин көтөрүп алышкан учурлар кездешет. Бул үчүн алар жаза тартууга тийиш. Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна ылайык, маршруттук таксидеги жол кире 10 сом болуп эсептелет. Жол кирени өз алдынча көтөрүп алгандар тууралуу (0554) 18-21-85. WhatsApp номерине кабарлап коюңуздар. Аларды жаза күтөт” деп билдирди Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы.

Жол кирени 15 сомго көтөрүү талабын койгон маршруттук такси айдоочулары 2- июндан бери эскертпей туруп, иш таштоо акциясын башташкан.

Сүрөт: Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты