​Эвакуациялангандар үйлөрүнө кайтууда

  • 3 года мурун

Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагындагы кыргыз-тажик чек арасындагы туруктуу кырдаалга байланыштуу кечээ, 4-июнда эвакуацияланган айылдардын жашоочулары үйлөрүнө кайтууда.


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, буга чейин Чоң — Алай районунун Тажикстан менен чектеш аймагындагыЖекенди айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Тейит, Кара-Мык, Жекенди, Чулук жана Шибе айылдарынын тургундары 4 – июнь күнү Дароот –Коргон айылына убактылуу көчүрүлгөн.

Бүгүн, 5 — июнда эки өлкө ортосундагы келишилген макулдашууга ылайык, эки тарап тең аскерлерин чек арадан алыс алып кетип, кыргыз-тажик чек арасындагы түзүлгөн оор кырдаал тынчтык жолу менен чечилгени жарыяланган.



Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты