​​УКМК төрагасы Коргоо министрлигине караштуу тик учактын кырсакташынын себебин айтты

  • 3 года мурун

Кечээ, 4 – июнда Чоң — Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы чек ара тилкесине учуп бара жаткан Коргоо министрлигине караштуу МИ-8 тик учагы кырсыкка учураган.


Окуя боюнча УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев түшүндүрмө берип, кырсыктын чоо-жайын айтып берди.

«Баары жакшы болчу, бирок кырсык болду. Биздин артыбыздан учуп келе жаткан. Анан эле көрүнбөй калды. Кийин белгилүү болгондой, тик учак тоолордун арасынан күчтүү аба агымына туш болгон. Кыймылдаткычтын кубаты жетишсиз болуп, андан жогору көтөрүлө албай калган. Абанын агымы аны сүйрөп кетип, тик учак жерге кулаган», — деди Камчыбек Ташиев.

Коргоо министрлиги тараткан маалыматка караганда, Бишкектен учуп чыккан 2 тик учактын бирөөсү Ноокат районунун Кичи-Алай айылынын аймагынан авариялык конууга аргасыз болуп, кырсыкка учурган. Тик учактын ичиндеги 15 адамдын 3өө экипаж мүчөсү болгон. Кырсыктагандардын бары аман-эсен, 3өө ар кандай жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Фотонун окуяга тиешеси жок

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты