​Президенттин атын сатып акча тапкандар кармалууда

  • 3 года мурун

УКМК кызматкерлери өлкө башчысынын атын жамынып, Каракол шаарындагы мамлекеттик мекеменин жетекчисинен 5 миң доллар жана 45 миң сом акча өндүргөн К.Т.С. аттуу жаранды колго түшүрдү.


Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, алдамчылыкка шектүү адам убактылуу тергөө абагына камалган.

Дал ушундай эле ири суммадагы алдамчылык окуясы Бишкек шаарында 4 – июнда болгон.

Президент Садыр Жапаровдун бир тууган агасы Сабыр Жапаровдун атынан А.М.Б. жана Б.У.М. аттуу жарандар бир ишкердин маселесин чечип берүү үчүн 1 миллион 250 миң доллар сурашкан. Аталган сумманын жарымын алып жактан учурда алдамчылар УКМК кызматкерлерине кармалышкан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты