​Салык системасы санариптешкенден кийин салык 7,5 млрд сомго көп чогулган

  • 3 года мурун

Салык ишмердүүлүгүн санариптештирген «Смарт салым» долбоору ишке киргенден бери салык чогултуунун көлөмү өскөн.


Буд долбоор ишке аша баштаган 2020-жылдын июнь айынан бери Салык кызматы мурда пландалгандан 7,5 миллиард сом көп салык чогулткан.

Салык кызматынын башчысы Илияз Иманбетовдун айтымында, 2021-жылдын январь-май айларында Салык кызматы мурда пландалган 36,4 миллиард сомдун ордуна 38,4 миллиард сом салык чогулткан. Белгиленген план 5,5 пайызга же 2 млрд сомго ашыкча аткарылган. Камсыздандыруу төлөмдөрү 15,2 млрд. сомду түзүп, план 2,5 пайызга же 374 млн сомго ашыкча аткарылган.

Быйыл Салык кызматы кеминде 97 миллиард сом салык чогултууну пландап жатат.


Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты