Чоң-Алайдагы чек арада абал тынч
- 4 года мурун
Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги Унжу-Булак аймагында абал тынч экенин УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Кыргызстандын чек арачылары аталган аймакта күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөдө.
4-юнга караган түнү Тажикстандын аскерлери Кыргызстандын аймагына 1 чакырымдай кирип, такталбаган Унжу-Булак аймагына контейнер орнотуп, аскерлерин жана техникаларын жайгаштырып алган.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү