Өмүрбек Бакиров КСДП фракциясынын убактылуу лидери болду

  • 3 года мурун

КСДП фракциясынын лидери, парламент депутаты Иса Өмүркулов чет өлкөгө узак убакытка дарылануу үчүн кетип жатканына байланыштуу фракция лидерлигин убактылуу депутат Өмүрбек Бакировго, Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын лидерлигин убактылуу “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Жыргалбек Турускуловаго өткөрүп бергени тууралуу КСДП фракциясынын депутаттарына кат жолдоду.

2020-жылдын октябрь айынан бери Жогорку Кеңештин бир нече фракциясында лидерлер алмашты. «Кыргызстан» фракциясынын башына депутат Бейшеналы Нурдинов, «Ата Мекен» фракциясынын лидерлигине Сайдулла Нышанов шайланган.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты