Президентти коштоп бараткандардын машинасы аварияга учурады. Бир киши каза тапты

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаровду коштоп бара жаткандардын машинасы, бүгүн, 4-июнда, Ысык-Көлдүн Ананьево айылында аварияга учурады.


Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматы билдирди.

Коштоп бара жаткандардын машинасы Ананьево айылынан алдыда келе жаткан жеңил машина менен сүзүшкөн.

Маалыматтарга караганда, алдыдан чыккан машинанын айдоочусу мас абалында болгон.

Жол кырсыгынын кесепетинен 1 киши каза болду, ал УКМКнын 9-кызматынын кызматкери, үчөө жабыр тартты.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты