​Бишкек мэриясы экологиялык автобустарды алып келүү боюнча келишимге кол койду

  • 3 года мурун

Өзбекстанда чогултулуучу япониялык ISUZU маркасындагы газ менен жүрүүчү экологиялык автобустарды Бишкекке алып келүү боюнча келишимге кол коюлду.


“Эко Пассажирские перевозки” ЖЧКсы менен Бишкек мэриясы аталган автобустарды алып келүү боюнча меморандумга ушул жылдын 11 – майында кол коюшкан.

Келишимдин шарттары боюнча, алар бир жыл ичинде Бишкекке 350 эко-автобус алып келүү милдетин алышкан. Алгачкы партиясы 2021-жылдын 1 –июлунда каттамга чыгып, шаардыктарды ташып калгыдай болушу керек.

Шаардык мэриянын Транспорт боюнча вице-мэри Русланбек Акылбековдун айтымында, муниципалитет бул автобустарды сатып алган жок, болгону каттам берип, бардык тийиштүү шарттады түзүп берет.

Ошондой эле аталган компания 2022-2023-жылдар аралыгында газ менен жүрүүчү автобустардын санын 1000ге жеткирүүнү пландаштырууда.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты