​Тажикстан аскерлерин макулдашылган аймакка жайгаштырганын билдирүүдө

  • 3 года мурун

Кыргызстандын Министрлер кабинети менен УКМК Чек аракызматы Тажикстандын аскер кызматкерлери делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери жыйынтыкталганга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жазылбаган тилкелерде кандайдыр бир иштерди жүргүзүүгө тыюу салынгандыгы тууралуу мурда жетишилген макулдашууларга карабастан, 2021-жылдын 4-июнунда, таңкы саат 03.00дө Кыргыз Республикасынын аймагына 1000 метр кирип келип, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы «Унжу-Булак» мамлекеттик чек арасынын жазылбаган тилкесинде контейнер орнотконун маалымдаган.

Бул боюнча Тажикстан УКМКсынын Чек ара кызматы:

«Протоколдук макулдашууга ылайык, Тажикстандын чек ара наряды макулдашылган аймакка коюлду. Экинчи тарабында Кыргызстандын тиешелүү инфраструктурага ээ чек ара тозоту орун алган. Бул жайгашуу делимитация, демаркация процесси аяктаганга жана анын мыйзамдуу каттоосуна чейин эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын коргоодо теңдик принцибин камсыз кылат” – деп жооп берген.

Фото УКМКнын Чек ара кызматынан алынган

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты