​Орхан Инандыны таап бергендерге 1 миллион доллар убадаланды

  • 3 года мурун

1 – июнга караган түнү белгисиз бирөөлөр тарабынан уурдалган “Сапат” эл аралык билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инандыны издөө иштери уланууда.


“Сапатта” иштеген, окуган, бүтүргөн жарандар 4 күндөн бери аны аман-эсен табууну бийликтен талап кылып, митинг өткөрүшүүдө.

Бүгүн, 4 – июнда дагы анын тарапташтары эски аянтка митингке чыгышты.

Митингте «Сапат» билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүлөрү Орхан Инандынын катылган жери жөнүндө маалымат үчүн 1 миллион доллар төлөп берерин айтышты.

«Төртүнчү күн ал тууралуу эч маалымат жок. Кайдыгер карабаган жарандарга, Президент Садыр Жапаровго кайрылабыз. Биз үчүн ар бир маалымат маанилүү”, — дейт митингчилер.

Эскерте кетсек, Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү жоголгон. Азыркыга чейин эч кандай маалымат жок. Укук коргоо органдарында анын дайынсыз жоголгону боюнча версиялар дагы жок.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты