Президенттик администрация Садыр Жапаровдун атына жамынган абийирсиз адамдардан сак болууга чакырды

  • 3 года мурун

Президенттин басма сөз кызматы акыркы учурларда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атына жамынып алып, өздөрүн анын жакындарыбыз, кеңешчилерибиз же жардамчыларыбыз деп тааныштырып, жеке кызыкчылыктары менен мамлекеттик жана башка мекемелерге кайрылган абийирсиз адамдар болуп жатканын билдирди.

“Мамлекет башчысы буга чейин эле мындай адамдар, керек болсо алар анын туугандары болсо дагы токтоосуз кармалышы керек деп билдиргендигин белгилейбиз. Ошондуктан, Президенттин атын пайдалануу менен жеке маселелерин чечүү максатында кайрылган же кысым көрсөткөн учурлар болсо, тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылууңуздарды өтүнөбүз”, — дейт Президенттик администрациянын Маалыматтык саясат бөлүмү.

Фото Султан Досалиевдики

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты