9 партия Бишкек шаардык кеңешине болгон кайра шайлоого катышаарын билдирди

  • 3 года мурун

Бишкек шаардык кеңешине катышууну 9 партия каалай турганын кабарлады.

Ушул жылдын 11 – июлунда өтүүчү Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоого: “Өнүгүү — Пргресс”, “Кыргызстандын социал-демокарттары”, “Замандаш”, “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ынтымак”, “Келечек — Будущее”, “Биздин Кыргызстан”, ”Жаңы мезгил” жана “Биздин эл” партиялары катышаарын расмий билдиришти.

Аймактык шайлоо комиссияларына документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү 13-июнь. Үгүт иштери 21 — июндан 10 — июлга чейин болот.

11 — апрелдеги жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында массалык мыйзам бузуулар орун алып, 12 — майдагы аймактык шайлоо комиссияларынын чечими менен добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты