​Эрбол Султанбаев: Цензурага жол берилбейт

  • 3 года мурун

Бүгүн, 3 — июнда 2021 — 2025 — жылдардагы Кыргызстандын маалыматтык саясатынын концепциясынын бет ачаары өттү.


Аталган концепциянын негизги өзөгүн мамлекеттик органдар менен ММКлардын тыгыз кызматташтыгы, сөз эркиндигин колдоо, мамлекеттик басылмаларды реформалоо иштери түздү.

Ошондой эле жаңы концепция боюнча сөз эркиндигин чектеген мыйзам долбоорлорунун кабыл алынышына мораторий жарыялоо каралган. Мындан тышкары журналисттерди коргоого алган сунуштар демилгеленди. Журналисттин ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жасагандарды кылмыш жоопкерчилигине тарткан беренени кайтаруу жагы да иштелип чыгууда.

Концепциянын бет ачаарына катышкан Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев:

“Журналисттердин маалыматка жеткиликтүүлүгүн камсыздаган сөз эркиндигинин принциптери – бул концепциянын негизги түркүгү болушу керек деп эсептейм. Цензурага жол берилбеши керек. Мен баарыңарды ачык, жандуу баарлашууга чакырам. Бирок кандайдыр бир күмөндүү учурлар болуп калса, сөзсүз тактап, тастыкталган гана маалыматтарды жарыяласак. Өз кезегинде Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматы журналисттерге максималдуу түрдө жакын болуп, бардык маалыматтарды оперативдүү кабарлап турабыз деп ишендирип кетмекчимин”, — деди.


Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты