​Кыргызстан Европа Биримдигинен Баткен облусуна инвестиция жумшоону өтүндү

  • 3 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев бүгүн, 3 — июнда Европа биримдигинин Борбордук Азия аймагы боюнча атайын өлүлү Петер Буриан менен жолугушту.


Евробиримдик менен ар тараптуу өнөктөштүктү бекемдөө өлкөбүздүн тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналаарын айткан Айбек Жунушалиев кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы жаңжалда жабыр тарткан Баткен облусуна жардам керек экенин билдирди.

“Бүгүн Баткен облусуна өзгөчө макам берүү боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Муну менен биз ал жакка салыктык, инвестициялык жеңилдиктерди беребиз. Ушуга байланыштуу Европа Биримдигин Баткен облусунда, дегеле Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга чакырабыз”, — дейт Айбек Жунушалиев.


Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты